Menu

Самаркандда бейтаптын туугандары дарыгерди сабашты

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Самарканд облусунун Кушрабад райондук ооруканасында 24 жаштагы терапевт Отабек Сирлибоев бейтаптардын биринин туугандары тарабынан сабалды.

Окуя 7-августта Сирлибоев нөөмөттө иштеп жатканда болгон. Ал бейтаптын туугандары тарабынан катуу сабалган оор абалда ооруканага жаткырылган.

«Эки киши тууганын травматология бөлүмүнө алып келишти. Мен аларга жардам берип жатканда бирөөсү дарыгерлердин дарегине жаман сөз айтты. Мен дарыгерлер бейтапка жардам берүүгө аракет кылып жатканын айтып, аларды кемсинтпегиле дедим. Ошол маалда бирөөсү мени сөгүп, бетке катуу уруп жиберди. Андан кийин сабашты. Азыр бетим шишип, башым жабыркап ооруканада жатам», — деди Сирлибоев.

Кушрабад райондук ички иштер башкармалыгынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери оорукана дарыгери сабалганын ырастады. Анын айтымында, учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бирок дарыгер бейтаптардын туугандарына карата укук коргоо органдарына даттанганы менен эч кандай жыйынтык болбогонун билдирүүдө.

«Мен сабалгандан бери үч күн өттү, бирок милиция бул ишке кызыгып да койгон жок. Азыр мени сабагандар эркиндикте жүрүшөт. Бизде дарыгерлерди таптакыр сыйлашпайт. Каалаган адам кемсинтет, милиция болсо көңүл бурбайт. Кимге даттанарыбызды да билбей калдык», – деди Отабек Сирлибоев.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2017-2018-жылдары Өзбекстанда жалпысынан 300 дарыгер бейтаптардын туугандары тарабынан сабалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: