Барри Жон Кроу бир мүнөттө 78 сосиска бышырып дүйнө ашпозчуларын таң калтырды. Бул эмгеги менен ал 2019-жылы Гиннес рекорддор китебине катталды. Буга бир мүнөттө 60 даана сосиска бышырып рекорд койгон болсо, Барри Жон аны басып өтүп жаңы рекорд жаратты.
Мирко Хансен колуна ролик кийип 50 метр аралыкты 8,5 секундда басып өтүп жаңы рекорд койду. Кол менен ролик тебүү үчүн тең салмакты кармоо зарыл. Бирок мындай нерсе ар кимдин эле колунан келе бербейт.
Жош Хортон күйүп жаткан 5 таякча менен бир учурда өнөрүн көрсөтүп кайра да жаңы рекорд жаратууга жетишти.
Ал күйгөн таякчаларды жерге түшүрбөй, асманга карай ыргытып кайра тосуп алган.
Жапониялык Сумико Ивамура эң кары ди-джей деген наам менен Гиннес рекорддор китебине кирди. Ал 83 жашта. Бирок 83кө келип калганына карабай клубда иштеп, жаштар менен бирге бийлеп жүрөт.
Даяьн Кан обруч сүйүүчүлөрдүн катарын гана толуктабастан, бир мүнөттө 59 обруч айлантып Гиннес рекорддор китебине кирди.
Грейхаунд деген ат менен таанымал болгон ит 191,7 смге бийиктикке секирип кайра да рекорд жаратып Гиннес китебинен орун алды.
Кевин Страгл 9 пончикти 3 мүнөттө жеп рекорд жаратып Гиннес китебине кирди. Шекердин унуна чыланган пончиктерди жеш абдан эле кыйын.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ