Menu

Түркмөн президенти эл алдына чыгып, Орусиядан лимузиндерди сатып алды

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-августта Түркмөнстанда Каспий экономикалык форуму башталды. Гурбангулы Бердымухаммедов «ал көз жумду же ооруп комага түшүп калды» деген сөздөр айтылып келе жаткандан бери биринчи жолу эл алдына чыгып, сөз сүйлөдү.

Форумга Орусия, Азербайжан, Казакстан жана Иран катышууда.

Түркмөнстан президенти Орусия өндүрүшүнөн чыккан «Аурус» лимузиндерин сатып алуу боюнча келишимге кол койду. Бул машинелерди чыгаруу үчүн Орусия акыркы жети жылда бюджеттен 200 миллион доллар короткон.

«Аурус» биринчи жолу былтыр Владимир Путиндин инаугурациясында колдонулган, андан кийин бул машинелерди 280 миң долларга сатууну чечишкен. Форумда Гурбангулы Бердымухамедовго ак түстөгү лимузинди көрсөтүштү. Түркмөн лидери ага автоунаанын түсү жакканын айтып, баасы да жеткиликтүү экенин билдирди.

​Гурбангулы Бердымухамедов өткөн айдын башынан бери коомчулукка чыкпай калган. Ошондон улам «түркмөн президенти көз жумду же катуу ооруп жатат» деген маалыматтар чыккан. Түркмөнстандык дипломаттар бул сөздөрдү жокко чыгарышкан. Мамлекеттик телеканалдар түркмөн президенти 15-августка чейин эмгек өргүүсүндө экенин кабарлашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: