Menu

Комада жаткан Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти

Бөлүшүү:

Кечээ, 12-август Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкекте травматология жана ортопедия илимий-иликтөө борборунда консилиум болду. Ага медициналык илимдердин докторлору, Н.Н. Бурденко атындагы нейрохирургия Борборунун нейрорениматологу Александр Полупан жана ушул эле болбордун нейрохирургу Ярослав Латышев катышты.

Текшерүү учурунда бейтапка нейрохирургиялык ыкманы кайталоо талап кылынбашы белгилүү болду. Интенсивдүү терапияны гана күчөтүү керек. Консилиумдун жүрүшүндө Самат Курманкуловду мындан ары дарыланууга Москвадагы Н.Н. Бурденко атындагы нейрохирургия Борборуна которуу чечими кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: