Menu

Видео – Кашкар Жунушалиев, ИИМ министри: “Атамбаевге “сага азыр күч колдонобуз, көздөн жаш агызуучу газ ыргытабыз!” дегенде гана колго түшүп берди

Бөлүшүү:

“Атамбаев акыркы айларда мыйзамды бузуп, өзүнүн үйүн Кой-Таш республикасы деп жарыялап алып, элдерди жыйнап, “керек болсо күч колдоном, каршылык көрсөтөм” деп ачык айтып, укук коргоо органдарынын талаптарын аткарбай, мына ушул абалга келди”, – деп билдирди Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 13-августта Бишкекте өткөн күч органдарынын маалымат жыйынында.
“7-август күнү мамлекеттик органдардые кызматкерлери Атамбаевди суракка алып келүү үчүн барган кезде каршылык көрсөтүп, ок чыгарып, кызматкерлерди өлтүрүп, бир нечесин оор жарадар кылып, калган кызматкерлерди уруп-сабап барымтага алды. Бул мыйзамдыкты бузуу. Бул мамлекетти сыйлабоо. Бул элди ойлобоо. Ошондуктан тартипти орнотуу үчүн, барымтада калган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин алып чыгуу үчүн биз атайын операция жасоо чечимине келдик. Бирок Атамбаев тарапташтары аркылуу Кой-Ташка чейинки жолдо 5 жерден жолду тосуп, биздин кызматкерлерди таш менен уруп-сабап, натыйжада мына, Чүй облусттук милициянын башчысы оор жаракат алып, кечээ Москвага дарылатууга алып кетишти. Биздин мыйзам боюнча ок чыгарууга укугубуз бар болчу. Бирок ок чыгарбаш үчүн, кан төгүлбөш үчүн, элге ызы-чуу салбаш үчүн, эртеси күнгө чейин убакыт берип, биринчи күнү биз милицияны ал жерден алып чыгып кеттик. Эртеси коопсуздук кеңешинен кийин, бардык маалыматтарды талдап, Атамбаев коомдук тартиптии сактоонун ордуна кайра элди саат 16:00 га митингге чакырып, атайын пландарды түзүп, бийликти алып, шаарды тоноого аракет жасады”, – деди министр Кашкар Жунушалиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: