7-8-август күндөрү экс-президент Алмазбек Атамбаевди күбө катары күчкө салып алып келүү операциясы өттү. Бирок бул операция же штурм укук коргоо органдарынын, алардын ичинен УКМКнын бетине жабылган көө болду. Эске сала кетсек бир топ кыргыздын бычакка сап жигиттерин кордоп, кулагын кесип, абакка өзүнүн желегин илип, жер менен баспай учуп калган мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна күбө катары суракка чакырылган экс-президент элирип, азыркы бийликти теңсинбей бир эмес үч жолу суракка келбей койгон. Сый менен чакырганда келбеген, күч менен келет болуп, күч менен алынып келинди. Бирок буга чейин күбө катары чакырылып жатса, азыр эми күнөөлүү катары камакка алынды. Окуянын чоо-жайына токтоло турган болсок, 7-августта жай тургундар менен адаттагысындай селфилдешип, пикир алмашып жаткан Атамбаевдин үйүнө антитеррордук “Альфа” кызматынын автоматчандары кирип келди. Бул операциянын канчалык мыйзамдуу экенин мезгил тастыктаар бирок бир катар мыйзам бузуу бардай. Кирип келген жоокерлерге экстин жактоочулары туруштук бергенге аракет кылышты. Ал эле эмес алты жоокерди туткунга алып алышты. Бир жоокер окко учту. Ким аткан? Кайсы куралдын огу? Кайсыл маалды ок жеди? Суроолор көп, жооп жок. Кан кое бербейт. Баары бир күнөөүүлөр аныкталат, ачыкталат. Жалпы жонунан алганда 7-августтагы атайын операция дейбизби же күбөнү күч менен алып келүү дейбизби айтор эч кандай даярдыгы жок, планы жоктой эле аткарылганы баарына эле көрүнүп турду. Анысы аз келгенсип 40га жакын курал-жаракты, алты жоокерди Атамбаевдин жактоочуларынын колунда калтырып келе беришти. Чырактай балдар чыркырап калышты. Мындай окуя атайын кызматтын жоокерлеринин кызматка болгон ишенимин өчүрдү, өлтүрдү. Же ар бир митингде калтырып баса беришсе, же чыгарууга аракет көрүшпөсө, эртең ким иштейт?
Мындай мырдаалда эл өкүлдөрү тез арада чогулуп, маселенин чечүү жолдорун, кырдаалды турукташтыруу маселесин карашса болмок.
Бирок парламент кумга башын каткан төө куш кейпин кийип, өз ойлорун айтуудан тайсалдап, дымып турушту. Арасынан абийирдүү 10 чактысы демилге көтөрүп, 8 августта түш оой кыйналып олтуруп, кысталып олтуруп араң дегенде кезексиз жыйынга чогулушту. Президент келем дебесе чогулмак да эмес. Буларга мамлекеттин тагдыры бир тыйын экен. Буга чейин да кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, эки улут ортосунда жаңжал орун алган. Ошол маалда да үн жок, сөз жок дудук қейпин кийишкен эле. Бул саам да ошентип өткөрүп жиберишмек коомчулук унчукпай койсо. Кезексиз жыйынга өкмөт башчы баштаган бардык органдар келишти. Жыйындын жүрүшүндө УКМКңын төрагасы операцияны тиешелүү деңгээлде ишке ашыра албай, уят болдум деп Опумбаев опурулуп отставкага кетем деди. Бирок кетиришкен жок. Анда ийгиликсиз ишимди аягына чыгарып анан кетем дедиңиз эле. Ошол эле күнү ИИМ ийгиликтүү иш алып барып, сүйлөшүү жолу менен эч кимди аткылабай, туткунга жоокер калтырбай эле Атамбаевди жактоочуларынын арасынан алып чыгышты. Операция бүттү. Атамбаев камакка алынды, эми ордуңузду бошото бериңиз.
Бул экс-президентти күч менен алып келүү окуясындагы мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү адамдар өз жазасын алышы керек. Мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандан кийин мыйзам эрежелери сакталышы шарт.
Тимур Термечиков
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ