Menu

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдар топтомуна кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдар топтомуна кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алынган мыйзамдар Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган жана төмөнкү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт:

  1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу« Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына;
  2. »Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө« Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
  3. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө“, „Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө“, „Борбордун статусу жөнүндө“, „Ош шаарынын статусу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзамдар Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2018-жылдын 13-августундагы VII жыйналышында кабыл алынган 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын шайлоо боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясында каралган милдеттерди ишке ашыруу максатында жумушчу топ тарабынан иштелип чыкты.

Кабыл алынган Мыйзамдарда төмөндөгүлөр каралган:

1) Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун жол берилбестиги жөнүндө ченем;

2) Жарандардын шайлоо процесске инклюзивдүүлүгүн (тартылуусун) жакшыртуу боюнча чаралар:

— мамлекеттик порталы, шайлоочулардын алдын-ала, контролдук жана биротоло тизмелери түшүнүктөрүн конкреттештирүү;

— шайлоочулардын тизмесинде маалыматтарын тактоо же өзгөртүү, шайлоо дарегин өзгөртүү жөнүндө шайлоочулар тарабынан «шайлоочунун кабинети» сервис аркылуу авторизациядан өтүү жолу менен арыз менен кайрылуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;

3) Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу:

— «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шайлоочу» түшүнүгү менен толуктоо;

— добуш берүү жайы бул имаратка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга тоскоолдуксуз кирүү, анда добуш берүү үчүн шарттар, анын ичинде ыңгайлуу араба жана жөө жүрүү жолдору, жеке авто унааны токтотуу үчүн атайын орундар, добуш берүү жайын биринчи кабаттарга жайгаштыруу же лифттердин болуусу, эшиктердин кең болуусу, пандустардын болуусу (эгерде пандус коюуга мүмкүнчүлүк болбосо, жардам чакыруу кнопкасын орнотуу), төшөмө, сезимтал көрсөткүчтөр, жарыктын жетиштүүлүгү камсыз кылынышы;

— ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн ыңгайлаштырылган маалыматтык материалдарга, стенддерге, үгүт материалдарга карата төмөнкүдөй талаптар коюлат: аудио-видео форматта (санариптик алып жүрүүчүлөр), сурдо-котормолор, субтитрлер, Брайль ариби.

— талапкерлер, саясий партиялар үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын 1 пайызынан кем эмес бөлүгүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн үгүт материалдарын жарыялоо боюнча талап киргизилет;

4) Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин көрсөтүүнүн жана каттоонун тартиби;

5) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорун өткөрүүнүн бирдиктүү күндөрүн орнотуу (апрель жана ноябрь айлары);

6) Шайлоо дайындалган датага 6 ай калганга чейин катталган саясий партияларга шайлоого катышууга чектөө киргизүү;

7) шайлоо өнөктүгүн каржылоону контролдоо жана ачыктыгы боюнча ченемдер;

8) шайлоодогу талаш-тартыштар менен байланышкан ченемдер;

9) аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарына 30 пайыздык резерв жана резервделген мандаттарды бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобону киргизүү негизинде гендерлик теңдикти камсыз кылуу;

10) депутаттык кызматын билим берүү жана саламаттык сактоо мамлекеттик жана муниципалдык мекемесинин жетекчиси кызматы менен айкалыштыруу укугун берүү;

11) кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, же белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттуулугу жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандары шаардын мэри жана айыл өкмөттүн башчысы кызматын ээлегенге тыюу салуу;

12) жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жергиликтүү кеңештин сессиясына жүйөлүү себептерсиз системалуу түрдө келбегендиктери үчүн жоопкерчиликти тактоо. Аны менен жергиликтүү кеңештин депутаты кеңештин сессияларында жүйөлүү себептерсиз бир жыл ичинде төрт жолудан ашык жок болгондугу үчүн анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу маселени көтөрүү укугун жергиликтүү кеңешке берүү;

13) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоо, шайлоо тартибин өркүндөтүү жана башка.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: