Menu

“Элдик генерал” Курсан Асановдун эрдиги

Бөлүшүү:

Өлкөбүздөгү коомдук коопсуздукту сактоодо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда укук коргоо органдарынын, анын ичинде милициянын ээлеген орду өзгөчө мааниге ээ. Биз сөз кыла турган инсан – ушул тармакта өзүнүн чыныг кесипкөйлүгү менен топтон суурулуп чыккан, эмгеги элине сиңген, эл уулу, элдик генерал Курсан Асанов.

7-8-августга Кой-Таштагы болгон окуя көпчүлүктүн эсинде. Биринчи күнкү УКМКнын ийгиликсиз ишинен кийин канчалаган жай тургундар жаракат алышты, жаш балдар шок болушту. Тынч жаткан жактоочулар менен атайын кызматтын жоокерлеринин ортосунда кармашуу орун алды. Бул албетте кырдаалды курчутуп жиберди. Аягы эмне болду? Атышуу, кан төгүү, адам өлүмү, туткунда калган жоокерлер, өрттөнгөн үй, талкаланган унаа, жабылган жол, үрөйү учкан коом, агрессивдүү жаштар, ок жеген адамдар. Ушул керек беле? Ар бир кырдаалдан чыгуунун өзүнүн жолдору болот. Сөзсүз эле курал колдонуп, уруп-сабап абалды жөнгө сала албайсың. Мындай учурда эл менен бир гана сүйлөшүү, абалды түшүндүрүү жолу менен гана тынчтыкты орнотсо болорун баары эле биле бербейт. 7-августтагы УКМКнын ийгиликсиз операциясынан кийин, эртеси ИИМ аскери жетекчилиги менен Кой-Ташка барышты. Мурунку күнкү атышуудан кийин ал буларды нан, туз менен тозуп алмак беле? Албетте жаалданган топ ИИМдин кызматкерлерин Атамбаевдин үйүнө киргизмек түгүл жакын жолотушпаганга аракеттеништи. Бирок жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат демекчи, караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан ИИМдин 9 жылдан бери орун басар кызматын аркалап келе жаткан генералы Курсан Асанов элдин тилин таап, бир ок чыгарбастан, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп үйдүн ичине кирүүгө жетишет. Үйдүн ичине киргенден кийин экс-президент Атамбаевдин өзү менен жана анын жанындагылар менен сүйлөшүүгө барып, мурунку күнкү УКМКнын жоокерлеринен тартылып алынган куралдарды генерал Асанов өзү санап, өткөрүп алып, Атамбаевди алып чыгып кетти. Эч кандай ок атуу, кан төгүүсүз эле чыныгы профессионал экендигин далилдеп ИИМ орун басары операцияны ийгиликтүү аяктады. Курсан Асановдун мындай эрдиктери эсептей келсең өтө көп.

2010-жылы Кыргызстандын түштүк аймагындагы коогалаңдуу окуяларда Курсан Асанов коопсуздук жоопкерчилигин жеке өзүнө алып, комендант болуп дайындалып, укук коргоо органдарынын алдыңкы катарында туруп, күн-түн дебей эки элди ынтымакка чакырууга чагымчылардын кара ниет оюна бөгөт коюуга бардык арактин көрүп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калууга жасаган эмгегинин арты менен элдик уул болгону жалпыга маалым, мындан сырткары өлкөбүздөгү коңшу мамлекеттер менен болгон Баткен, Жалал-Абад аймактарындагы чек ара маселесинде, улуттар аралык кандай араздашууларда жергиликтүү тургундардын ортосундагы пикир келишпестиктен келип чыккан чыр чатактарда, ар кандай митингдерде Курсан мырза өлкөнүн коопсуздугу үчүн чыныгы кесипкөйлүк сапатын көрсөтүп, куткаруучу болуп, маселени жеринде дипломатиялык жол менен чечип, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калууга жасаган эмгегинин арты менен элдик генерал атка ээ болгон. Бул жолку Кой-Таштагы окуяда да кесипкөйлүгүн дагы бир ирет далилдеп, жөнөкөй жарандарды атышуудан, кан төгүүдөн сактап, кыргыз элин экинчи ирет туңгуюктан алып чыкты десек жаңылышпайбыз.

Мындан тышкары Курсан Асанов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде соттук-реформанын алкагында өз салымын кошуп, ар кандай мыйзам долбоорлорун алып келип, аларды эл өкүлдөрү менен биргеликте иштеп чыгууда салымы зор. Ал эле эмес, 2019-жылдан тартып жаңы кирген мыйзамдарды жана кодекстерди ишке ашырууда отчёт берип жатканда, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, соттук-реформага Өкмөттөн бир гана ИИМ даяр экендигин баса белгилеген. Ал эми Жогорку Кеңештин Ата-Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Курсан Асановду Жогорку Кеңештин 121-депутаты катары эсептеп, ар кандай маселелерге, Өкмөткө тиешелүү болгон маселелерге да чечкиндүү жооп бергендигин, анын чыныгы кейипкөй адис экендигин жана ИИМде чыныгы реформатор жетекчи экендигин далилдеп, келечекте көптү үмүттөндүрө турган инсан жана биз сыймыктана турган генерал экендигин таамай белгилеген.

Генерал Курсан Асановдун акыркы жүрүштөгү эмгеги эске алынып, КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан бааланып, жогорку кызматтан орун алат деп ишенебиз.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: