“Мен бүгүн суракка 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча күбө катары чакырылдым. Мен сурак бергенге даярмын”, – деп билдирди бүгүн, 13-августта сурактан чыккан Абдил Сегизбаев.
“Бүгүнкү маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевдин мага атайын басым жасап, көбүрөөк убакыт бөлүп айткан сөздөрүнө таң калдым. Мен алган жаракатка да өзгөчө көңүл бөлдү, эгер ага ушунчалык кызык болсо мен комплекстүү медициалык экспертизадан өткөнгө даярмын. Мен жаракат алдымбы же жокпу комиссия аныктасын. Андан кийин мен жооп берүүгө даярмын. Бүгүнкү маалымат жыйындан кийин мен бул кишиге эми ишенбей калдым. Анын ошол учурдагы абал боюнча айткандарынын баары калп. Бул коомчулукту атайын башка пикирге ишендирүү аракети. Бирок мен тергөөнү Опумбаев сыяктуулар эмес, тажрыйбалуу кесипкөй тергөөчүлөр калыс, бийик деңгээлде жүргүзөт деп ишенем. Натыйжа болот. Мен өзүм тараптан ар дайым суракка барып көрсөтмө бергенге даярмын”, – деди Сегизбаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ