Menu

Видео – Бейшенбек Бекешов: “Атамбаевдин камалышы бир эле адамдын камалышы эмес, биринчи жолу бүтүндөй коррупционерлердин анабашынын камалышы болду”

Бөлүшүү:

“Бүгүн биз өзгөчө бир тарыхый мезгилде жашап жатабыз. Биздин мурдагы мамлекет башчыбыз Атамбаев камалгандан кийин, мына ушундай кырдаал түзүлдү деп ачык эле айтсак болот… Атамбаевдин камалышы бул бир кишинин камалышы эмес, азынап кеткен мамлекет башчысынын камалышы. Камалыш деген сөз эми мындан кийин азынап кетүү мүмкүн эмес деген сөз.Атамбаевдин камалышы – бул коррупционерлердин анабашынын биринчи жолу камалышы деп түшүнсөк болот”, – деп билдирди бүгүн, 13-августта белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов.
“Атамбаевдин камалышы – бул эки жүздүү системанын камалышы десек болот. Ушундай бир уятсыз башкаруунун камалышы. Атамбаевдин камалышы менен жаңы президентибиз Сооронбай Жээнбековго кеңири мейкиндиктер ачылды. Баягы 1990-91-жылдарга туш келип калдык десек болот. Саясый, экономикалык, социалдык жана адамдык мамилелерибизди таза ак барактан баштасак болот. Атамбаевден камалышынан кийин эми колдон келбей турган эч нерсе жок. Соттук-укуктук, саясый реформаларды жасасак, бизди эми эч ким кой дебей”, – деди Бейшенбек Бекешов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: