Ак үй АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жолугушуусун уюштурууга катышкан дипломат Стивен Биегунди өлкөнүн Орусиядагы элчиси кызматына талапкер катары карап жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги Ак үйдөгү өз булактарына таянып жазып чыкты.
Эки күн мурда Vox жаңылыктар сайты дагы Дональд Трамптын айланасындагы эки адамга шилтеме кылып, Биегун элчилик кызматка негизги талапкер экенин кабарлаган.
Өткөн жумада АКШнын Орусиядагы азыркы элчиси Жон Хантсман отставкага кетүү тууралуу арыз жазып, бул кызматта 3-октябрга чейин иштей турганын билдирген.
56 жаштагы Стивен Биегун Мичиган университетинде саясий илимдерди жана орус тилин окуган. 1990-жылдардын башында Эл аралык республикалык институттун Москвадагы өкүлчүлүгүн башкарган. Ал экс-президент Жорж Буштун тушунда Ак үйдө тышкы саясат маселелери боюнча кеңешчи болуп иштеген.
Стивен Биегун быйыл февралда өткөн АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин жолугушуусун уюштурууга катышкан негизги адамдарды бири катары айтылып келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ