Menu

Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулу Б. Салимжанов Башкортостандын Челябинсктеги өкүлү менен жолукту

Бөлүшүү:

8-август күнү Кыргыз Республикаснын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Б. Салимжановдун Башкортостан Республикасынын Челябинск шаарындагы өкүлү А.Г.Хабибулин менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер минисрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын соода-экономикалык байланыштарына байланыштуу суроолор талкууланды. Маектешүү ичинде Б.Салимжанов Кыргыз Республикасынын өндүрүш ишканаларын жана жеке чакан компанияларын, алардын  продукцияларынын аталыштарын, көлөмүн камтыган маалымат тизмеси менен башкр тарапты тааныштырып өттү.

Ошондой эле, Б. Салимжанов 2017-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен кызматташып келаткан «Продмассив Сибирь» (Новосибирск.ш., Россия Федерациясы) ишканасы аркылуу Кыргызстанда өндүрүлгөн  түстүү форель балыгын экспорттоо боюнча сунушу тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташууга, өз ара мамилелерди илгерилетүүгө жана биргелешкен пландарды ишке ашырууга даярдыгын билдиришти

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: