-Кыргызстандын экс-президенти Атамбаевди кандай тагдыр күтүшү мүмкүн?
– Парламент койгон айыптар боюнча иштер тергелет. Андан тышкары, аны кармоо учурунда каза болгондор жана барымтага алынган спецназдар боюнча да кылмыш иши козголот. Ошонун баарын кошкондо Атамбаев бир топ жылга кесилет. Башкача айтканда, калган өмүрүнүн баары камакта өтүп калышы мүмкүн. Бирок, бийлик дагы бир тараптуулукка жол бербей, бул ишти калыс карашы керек. Эч кандай эйфорияга, эмоцияга алдырбашы керек. Атамбаевдин тегерегиндегилерди куугунтуктап, журналисттерди камап, эркин ой жүгүрткөн адамдарды камап салуу бийликке аброй алып келбейт. Бийлик чоң-чоң реформаларга барып, кадр саясатын жолго салыш керек.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ