Кечээ, 13-август күнү Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Ибраимов Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Евгений Шестаковго ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечеги жонундо маек тузушту. Тараптар саясий жана соода-экономикалык кызматтыгын мындан дагы арттыруу зарылчылыгы тууралуу макулдашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында, Элчи Э.Ибраимов озунун миссиясынын жүрүшүндө кыргыз-беларус мамилелерин мындан ары да бекемдөө үчүн бардык аракеттерди кылары боюнча Беларус тарабын ишендирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ