Menu

Дубайда Тажикстандагы жарандык согушка катышкан талаа командири кармалды

Бөлүшүү:

Дубайда Тажикстандагы жарандык согуш маалында Элдик фронтту жетектеген мурдагы талаа командири (Хужа-командир) Хужи Каримов кармалды.Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Умаржон Эмомалинин айтымында, учурда Каримовду Тажикстанга экстрадициялоо маселеси чечилип жатат. Экс-командир Душанбенин өтүнүчү менен Интерпол тарабынан кармалган.

13 жыл мурда Тажикстандан качып кеткен Хужа Каримов 2000-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн.Интерполдун маалыматына караганда, ал 1992-1997-жылдар аралыгында бир катар оор кылмыштарды жасаган деп айыпталууда.

Каримовго каршы 2005-жылы Тажикстанда козголгон кылмыш ишинде ал адам өлтүрүү, талоончулук, барымтага алуу, ошондой эле улуттук жана эл аралык мүнөздөгү башка кылмыштарга айыпталган.

Тажикстандан качканга чейин Хужа Каримов Коргоо министрлигинин атайын бригадасынын командиринин биринчи орун басары жана Тажикстандын футбол федерациясынын башчысы кызматтарында иштеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: