Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 7-8-августтагы окуялар туурасында маалымат жыйында журналист Мирбек Айтикеев, депутат Ирина Карамушкина, депутат Асель Кодуранова, Кундуз Жолдүбаева, Назгүл Мамытова, Дмитрий Ложниковдор күбө катары сураларын, саналган адамдар Кой-Таштагы окуяны толук көрүшкөндүктөн, ишти объективдүү жүргүзүү үчүн алар көрсөтмө берээрин айтты.
“Алар журналист, саясатчы катары же айткан сын-пикири үчүн эмес, уюштуруучуларга юридикалык баа берүү үчүн күбө катары суралат”, – деди Башкы прокурор.
Ошондой эле Фарид Ниязов, Алга Кылычев, Амантур Жамгырчиев, Кыяз Смаилов, Марат Шаменовдор “массалык башалмандык”, “барымтага алуу” фактылары менен 8-октябрга чейин камакка алынгандыгын кошумчалады. Учурда “Ачык саясат” гезитинин журналисти Нуркыз Бакасова кайра-кайра суракка чакырылып жатат. УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев, саясатчы Равшан Жээнбеков, журналист Рита Борбукеева, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев, Атамбаевдин баласы Сейитбек Атамбаев, жакын тууганы Нурбек Шаршенов менен КСДПнын штабында иштеген Кундуз Ажыбекова, Эрмек Окенов, Темирлан Султанбеков күбө катары суралууда.
Бир кызык жагдай, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, ошол жердеги экинин бири Адил Турдукуловду эстеген жан жок. Көлдө эс алып жыргап, бейкапар. ИИМ, УКМК Турдукулов өз киши болгон деп унчукпай жатабы? Буга дейре бийликтин “агенти” деп айтылган сөздөрдүн чындыгы бар окшойт?..
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ