Menu

Артур Медетбеков, генерал: “Барымтадагы спецназчыларга атамбаевчилер жасаган мамилени – фашисттер да жасаган эмес”

Бөлүшүү:

– Артур мырза, Атамбаевдин мындан аркы тагдыры кандай болот?

– Алмазбек Атамбаевдин мындан аркы тагдыры оор болот. Ал “буга чейин бир эмес, үч жолу Батукаевдин иши боюнча күбө катары чакырылган. Суракка келбей качканы үчүн атайын органдар күч менен алып келүүгө аргасыз болгон. Жыйынтыгында күч менен “суракка алып келүү каршылыкка учурап, киши өлтүрүү, барымтага алуу, коррупция деген беренелер менен кылмыш иши козголду. Эми Атамбаев күбө катары эле суралбай, оор беренелердин негизинде жоопко тартылып калышы мүмкүн.

– Аны кармоо операциясы мыйзамдуу эле болдубу же бул жерде дагы суроо жараткан жагдайлар орун алдыбы?

– Атамбаевди күч колдонуу менен алып келүү операциясы мыйзамдуу эле болду. Кыргыз мамлекетинде укук коргоо органдарында тергөөнүн ишин жакшы алып барган адистер бар. Алар күч колдонуп кармап келгенге чейин үч жолу чакыруу кагазын берип, ИИМдин орун басары суранса да келбей койду. Мыйзамга баш ийбегенден кийин күч колдонууга аргасыз болушту. Кыскасы, мына ушундай процедуралардан кийин күч колдонуу операциясы ишке ашты. Башкача айтканда, Атамбаевди кармоо операциясы мыйзам чегинде эле болду. Анткени операция болуп жатканда Атамбаев мыйзамды бузуп каршылык көргөздү. Ошондой эле Атамбаевди күч колдонуу менен кармап келүүдө абдан көп кыйынчылыктар болду. Ал өзүнүн үйүнүн үчүнчү кабатына темирден тосмолорду коюп, бункер кылып, короосуна таштарды төгүп, кумдарды каптарга салып, атышууга даярданган. Ал эле эмес, короосуна жаш балдарды, аялдарды, кары-картаңдарды чогултуп алып, өзүнө “щит” катары пайдаланган. Ошон үчүн күч колдонуу операциясы биринчи күнү натыйжа берген жок.

– Эми ошол операцияда жарадар болгон, каза болгон спецназдардын жоопкерчилиги кимдин мойнунда болот?

– Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон жана жарат алып, барымтада калган спецназдардын жоопкерчилиги Атамбаевде жана анын жанында жүргөндөрдүн мойнунда болушу керек. Себеби. алар , спецназдын жоокерлерине күч колдонуп, аларды сабап-тепкилеп, андан тышкары барымтага алып, өлтүргөнгө чейин барышты. Бул маселени териштирүү Атамбаев жана анын жан жөөкөрлөрүнө чоң фактыларды алып чыгат деген ойдомун.

– Атамбаевдин Кой-Таштагы уйүндө жаш балдар, аялдар, кары-каргаңдар бар экенин билип туруп, укук коргоо органдары курал колдонушту. Бул нерсе укук коргоо органдарынын чабалдыгынан кабар бербейби?

– Менимче Атамбаев алты жыл Кыргызстандын президенти болуп, алты жыл Кыргызстандын куралдуу күчтөрдүн кол башчысы болгонун эске алып, спецназды жөнөтүшсө керек. Анткени, ал спецназдын балдарынын көбүнө терроризмге каршы күрөшүүдө сыйлык берип, медаль таккан. Каза болгон спецназдын кызматкерин да медаль менен сыйлаган. “Атамбаев тынччылыкты жана стабилдүүлүктү сактайт болуш керек” деген ой менен жогорку жактагы жетекчилер спецназды жиберишсе керек. Атамбаев аялдарды, жаш балдарды, кары-картаңдарды “шит” катары пайдаланганы үчүн укук коргоо органдары тактикалык жактан чоң катачылыктарды кетирип кандайдыр бир деңгээлде чабалдыгын көрсөтүп коюшкан.

– Бийлик спецназды барымгага алды деп бир канча кишиге кылмыш ишин козгогону менен штабдагылар алар барымгага алынбаганын, бирөө жарым сабап койбосун деп таң атканча бир бөлмөдө кармалганын айтып жатышаг го?

– Спецназдын жоокерлери ал жерде барымтада калган. Аларга “таң атканча эч ким тийген эмес”- деген маалымат туура эмес. Ал жерде барымтада калган спецназдын 6 баласына ок өтпөгөн кийимдерди кийгизип алып, атып, колдорун жанчып, сындырып, сабап аябай мазакташкан. Видеого да тартышкан. Чынында фашисттер да мындай мазакташкан эмес. Спецназдын балдарын кордогон, зөөкүрлүк кылган адамдар да жакында кармалып, өз жоопкерчилигин тартышы керек.

– Атамбаееди жана атамбаевчилерди камоо абалды курчугуп жибербейби? 

– Атамбаев жана анын тегерегиндеги кылмыш жасаган адамдар коомдук жана саясый абалды эч качан курчута албайт. Анткени, Кыргызстанда акыркы убакта Атамбаевдин саясаты кандай экенин билишти. Атамбаевдин убагында андан жана анын кошоматчыларынан жабыр тарткан адамдардын саны жүздөп саналат. Ошон үчүн бүгүнкү күндө ТЭЦ, Тарых музейи боюнча акчалар уурдалганын, ага кимдердин тийешеси бар болгонун элдин баары билип калды. Ошондуктан эл бүгүн тынчтыкты жана коопсуз жашоону каалайт.

– Неге бу сапар Бабановго бийлик тараптан жумшак мамиле жасалып жатат? 

– Өмүрбек Бабановго мен эч кандай жумшак мамиле жасашан жок. Бир иши токтогону менен экинчи иши ошол бойдон эле турат. Бабанов улуттук коопсуздук кызматына келип, көрсөтмө берет. Эми анын мындан аркы абалы экспертизанын жыйынтыгына жараша болот. Бабановдун баарына кайыл болуп, Кыргызстанга келиши ал мекенин сүйгөнүн далилдейт. Ошон үчүн камаса да келейин деген максат менен келди. 1-2 жылдын ичинде кимдин ким экенин билип, өзү кандай катачылык кетиргенин анализ жасап, анан Кыргызстанга келүү чечимин кабыл алган.

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: