Кыргыз Республикасынын Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштун жүрүшүндө 7-8-августтагы окуялардын дагы бир активдүү катышуучусу 1990 жылы туулган жаран К.Р. кармалды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүн ар кайсы маалымат агенттиктериндеги таратылып жаткан УКМКнын ыкчам отрядынын кызматкери Усенбек Ниязбеков өзүнүн ок атуучу куралы-автоматынан атылды деген маалымат чындыкка жатпайт. Окуялардын жүрүшүндө алынган курал жарактардын бардыгына трассологиялык жана баллисстикалык экспертизалар дайындалды. Экспертизаныны жыйынтыктары азырынча даяр боло элек. Белгилеп кете турган нерсе кармалган жарандын
адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген маалымат сотко чейинки өндүрүштун журүшүндө текшерилүүдө. Аны экспертизанын жыйынтыгы менен кошумча билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарын бардык өкүлдөрүнөн такталбаган жалган маалыматтарды жарыялоодон карманып турушунуздарды суранат жана мамлекеттик ыйгарым маалыматтарды жарыялоону өтүнөбүз
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ