Бүгүн, 14-августта Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов жана анын Чүй облусундагы өкүлү Мирлан Жакыпов 8-августтан бери УКМКнын тергөө абагында жаткан Алмаз Атамбаевдин акыбалын билгени, ага каршы кыйноолор болбой жатканын тактаганы УКМКнын абагына барып, Атамбаев менен жолугуп чыгышты.
Алардын айтымында, Алмаз Атамбаев абактын эки орундуу камерасында жалгыз олтурат. Ал-акыбалды сурап баарлашуу учурунда Атамбаев тергөө абагынын жетекчилигине жана тергөө кызматкерлерине эч кандай нааразычылык билдирген эмес. Жаткан жеринин шарттарын канаатандырарлык деп белгилеп, ага сый мамиле кылып жатышканын, врачтар күнүнө үч жолу кирип текшерип, кан басымын өлчөшөрүн жана адвокатка каалаган учурда кайрыла аларын билдирген.
Кандай каалоолору бар деген суроого Атамбаев түнүчүндө камерадагы жарык өчүрүлбөй жана камеранын сырткы эшиги жабылбай ачык тургандыктан жакшы уктай албай жаткандыгын айтып, түнүчүндө камерадагы жарыкты өчүрүп, эшикти жаап коюну суранган.
Ошону менен катар Атамбаев камерадагы жарыктын күйүп турушу жана сырткы эшигинин ачык турушу анын коопсуздугу үчүн жасалып жатканын да түшүнөрүн айткан.
Кыйноолорго каршы улуттук борбор Атамбаевдин абакта жаткан шарттары канааттандырарлык экенин белгилеп, эгер мүмкүн болсо анын камерасындагы жарыкты түндө өчүрүп, эшигин жаап коюуну караштырууну суранат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ