8-августта камакка алынган Алмаз Атамбаевге 7 айып тагылып жатканын кечээ, 13-августта Бишкекте өткөн укук коргоо органдарынын жетекчилеринин маалымат жыйынында УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев билдирген эле:
-Адам өлтүрүү аракетин уюштуруу
-Адам өлтүрүүнү уюштуруу
-Массалык баш аламандыкты уюштуруу
-Укук коргоо органынын кызматкерлерине карата зордук-зомбулук көрсөтүү
-Адамдарды барымтага алууну уюштуруу
-ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү
-мамлекеттик төңкөрүш уютуруу аракети
Ал эми бүгүн, 14-августта Аскердик прокуратура билдиргендей, Алмаз Атамбаевге дагы эки кылмыш иши тагылды:
-Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык кылмышка катышуу
-Кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуудагы коррупциялык кылмышка катышуу
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ