Menu

Казакстандын борбордук бөлүгүндөгү өрт аймагы беш эсеге жайылды

Бөлүшүү:

Караганды облусунун Каркаралы районундагы өрттүн аянты беш эсеге кеңейип, бир суткада 2700 гектарга жетти. Өрттөнгөн аймактын бир жарым миң гектары мамлекеттик токой коругуна кирет. Бул тууралуу Казакстан Ички иштер министрлиги кабарлады.

Ички иштер министринин орун басары Юрий Ильин 14-августта өткөн брифинг учурунда Каркаралы районунда жагдай кыйын экенин айтты. Анын билдиришинче, өрттү өчүрүүгө токой чарба комитети, жергиликтүү аткаруу органдары, ИИМ бөлүктөрү тартылды.

12-августта Каркаралы районундагы Егиндибулак айлынан 30 чакырым аралыктагы жерде куураган чөп өрттөнүп, жалын Бакты токоюн каптаган.

13-августта Каркаралы районунун акимчилиги аймакта өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: