УКМКнын 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган эки кызматкеринин иш-аракетине юридикалык баа берилет. Бул тууралуу УКМКнын Иликтөө башкармалыгынын орун басары Сагынбек Самидин уулу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында: “Тилекке каршы, алар Атамбаев менен бирге качып кетип, анын үйүнө жашынып алган. Муну менен алар бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талабына каршылык көрсөтүүгө шерик болуп калышты. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын аракетине юридикалык баа берилет” – деп айтты. УКМКнын 9-башкармалыгынын эки кызматкери 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен кошо кармалган.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ