UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко UFC Fight Night 156 турниринде каршылашы Лиз Кармушту жеңгениүчүн жалпы жонунан 260 миң доллар алганы маалым болду. Кыргызстандык мушкер 11-августтаУругвайда амермикалык Лиз Кармуш беттешип, жеңишке жетишкен. Лиз Кармушту жеңгени үчүн Шевченко 260 миң доллар алган. 110миң долларды ал турнирге катышкандыгы үчүн алса, 110 миң долларды жеңиши үчүн, ал эми 40 миң доллар Rееbок фирмасын жарнамалаганы үчүн төлөнгөн. Ал эми каршылашынын гонорары 150 миң долларды түзөт. Анын ичинен 100 миң доллары Кармуштун турнирге катышкандыгы үчүн төлөнсө, Rееbок фирмасы жарнама үчүн 50 миң доллар төлөгөн. 31 жаштагы Шевченко ушуну менен экинчи ирет чемпиондук титулун коргой алды. Биринчи жолу ал чемпиондук титулун Жессика Ай менен мушташып коргогон.
Жакында эле анын бир тууган сиңдиси Антонина да жеңишке жетишип, жалпысынан 95 миң доллар алган.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ