Menu

Видео – Кашкар Жунушалиев, Ички иштер министри: “Атамбаев жана анын тарапташтары адам өлтүрүштү, бийликти куралдуу жол менен басып алуу үчүн башаламандыктырды уюштурду”

Бөлүшүү:

13-август күнү “Кабар” маалымат агенттигинде Күч түзүмдөрүнүн башчылары, тагыраагы Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Орозбек Опумбаев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдор 7-8-августта өлкөдө болгон окуя туурасында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымат жыйын өткөрүштү. Биз ошол жыйында ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин сөзүн толук берүүнү эп көрдүк.

– 7-8-августта болгон окуяларга кыскача токтоло кетейин. Биринчиден, 7-август күнү кечинде КР Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы А.Атамбаевди кармоого барган улуттук коопсуздук кызматынын ыкчам кызматкерлерин барымтадан бошотуу жана коомдук тартипти сактоо максатында бардык.

Жолдун баары таштар, кыйылган бактар, плиталар менен беш жерден тосулуп, массалык баш аламандыктардын башталгандыгынан белги берип турду. “Кан төгүлбөсүн, ызы чуу чыгып кетпесин, жарандардын коопсуздугуна шек келбесин” – деген максат менен милиция кызматкерлери артка өздөрүнүн иштеп турган бөлүктөрүнө кайтып келди.

Эртеси 8-августта Коргоо Кенешинин кезектеги жыйыны болуп 7-августта болгон окуялар талкууга алынды. Түндөгү окуялардын жыйынтыгында улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери Үсөнбек Ниязбеков каза болду, Чүй ОИИББнын башчысы С.Курманкулов катуу жаракат алды, ондогон укук коргоо кызматкерлери жана жарандар да ар кандай жаракаттарды алышты. Автоунаалар талкаланды, коомдук тартип бузулду. Элибиздин үрөйүн учурган кылмыштар орун алды. Коомдук тартиптин абалы миңдеген кыргызстандыктарды бушайман кылды. Абал чынында эле оор болчу.

Мен, абалды туура түшүнүү менен КР Ички иштер министри катары коомдук тартипти орнотуу, жолдорду тазалоо, барымтага түшкөндөрдү бошотуп алуу жана А. Атамбаевди кармап алып келүү максатында атайын операция жүргүзүү боюнча чечим кабыл алдым.

“КР ички иштер органдары” тууралуу мыйзамдын (11-январь 1994-ж) 2-беренеси “ички иштер органдарынын негизги милдеттери” жана 14-беренеси “атайын каражаттарды колдонуу” тууралуу беренелердин талаптарына ылайык А.Атамбаевдин турган жерине чабуул жасоону (штурм) мыйзам талаптарын эске алуу менен чечим кабыл алганымды дагы бир жолу баса белгилеймин.

Биз Кой-Ташка бараткан жолдо А.Атамбаевдин тарапташтары тарабынан катуу каршылык болду. Биз ошого карабастан жолдорду тазаладык, тосмолорду алдык, жарандарга түшүндүрүү иштерин да жүргүздүк, ошентип мыйзамдуу жол менен тартип киргиздик. Ок атуучу курал колдонгон жокпуз, атайын каражаттарды колдондук. Жолдорду тазалоодо үйдүн дарбазасын сүзүп кирүүгө гана ИИМдин бир атайын автомашинасын колдондук.

А. Атамбаевдин үйүн өзүңөр көрдүңөр, үч кабаттан турган үй темир эшиктер, атайын тосмо решеткалар, кум салынган мүшөктөр менен тосулган, узак убакытка ок атып коргонуучу жай да (орус тилинде айтканда -долговременная огневая точка) даярдалып, коргонуу позиция абдан катуу даярдалгандыгы бизге белгилүү эле. Ошол себептүү чагылгандай тездик менен чабуул жасалып, кыска мөөнөттө А.Атамбаевдин короосуна кирүүгө мүмкүнчүлүк болду.

Мен, ошол мезгилде ички иштер министри катары эки жолу коомдук тартипти орнотуу максатында А.Атамбаев жана анын тарапташтары менен сүйлөшүү жүргүздүм. Сүйлөшүүмдүн негизи максаты кан төгүлбөстөн А.Атамбаевдин колго түшүп берүүсүн жана бардык маселелер укук талаасында чечиле тургандыгын баса белгиледим.

Бирок, А.Атамбаев менин сүйлөшүүмдүн шарттарына макул болгон жок. Ал атышууга даяр экендигин белгиледи. Мен ошондо атышуу – бул жакшылыкка алып барбастыгын баса белгилөө менен, өз эрки менен колго түшүп берүүсүн айтуу менен бирге абалды курчутпоону талап кылып, минут убакыт бердим.

Сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда А.Атамбаевдин жанында журналист кызыбыз Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов, эки жансакчысы жана 25-30 жаштардагы жаш жигит бар экен. Кундуз Жолдубаева: “Биз чыкпайбыз, каршылык көрсөтөбүз”,- деп айтып жатты. Мен штурм жасаганга мажбур боло тургандыгымды эскертип, дагы 3 минут убакыт бердим…

Акыры, А.Атамбаев жана анын тарапташтары колго түшүрүлүп, тиешелүү тергөө органдарына жеткирилди.

8-август күнү А.Атамбаевдин тарапташтары саат 16.00дө “Форумдун” алдына чогулушуп, анан кечинде бийликти мыйзамсыз басып алуу, массалык баш аламандыктарды уюштуруу, талап тоноочулуктарга (мародёрство) баруу максаттары бар экендиги бизге маалым эле. Кечинде Бишкек шаарындагы борбордук аянтка 1500дөй жарандар топтолуп келишти.

Алардын арасында мурда соттолгондор, тартип бузууга аракеттенгендер, айтор алардын арасында кимдер гана болгон жок. Алар ачыктан ачык эле провакацияларга баруу менен бирге, бийликти басып алуу, талап тоноочулукка баруу, баш аламандыктарды уюштурууга катуу даярданып жатышкан. Аталган кечки баш аламандыктарды уюштуруу максатын көздөгөндөрдүн арасында Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары бар экендигин өкүнүч менен белгилейм. Мындай жогорку бийликтин өкүлдөрүнүн аракеттери бизди өкүндүрөт.

Коомчулук бизден коомдук тартип бузгандарды, баш аламандыктарды уюштургандарды, барымтага алгандарды, адам өлтүргөндөрдү, адам өлтүрүүгө аракет кылгандарды, автоунааларды талкалагандарды, Беш-Күңгөйдөгү милиция имаратын өрттөгөндөрдү жана ээнбаштык кылгандардын баардыгына укуктук баа берүүнү талап кылууда. Ошол себептүү бүгүнкү күндө тергөө иштеринин масштабдуулугу артып барат.

8-августтун түнүндөгү ахыбалды жөнгө салуу максатында коомдук тартип бузууга катуу аракеттенген, жаалданган жарандарды атайын каражаттарды колдонуу менен аянттагы жаалданган жаштарды таратуу чечимин кабыл алдым. Алар көчөлөрдөгү дүкөндөрдүн айнектерин, аялдамаларды жана аппараттык программалык комплекстерди талкалап кетишти.

Түнү бою мыйзамсыз аракетгерге баргандарды аныктоо, тактоо жана иликтөө иш чаралары жүрдү. Милиция кызматкерлери, элдик кошуундар таң аткыча Бишкек шаарындагы коопсуздукту сактоого тартылышты. Мыйзамсыз баш аламандыктарды уюштурууга баргандардан 40 жаран кармалды. Учурда алардын бешөөсү СИЗО-1де камалып, бирөөсү үй камагына чыгарылды, калгандары күбө катарында өтүп жатышат, учурда аталган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш процесстери жүрүүдө.

А.Атамбаев жана анын тарапташтары жолдорду тосушту, адам өлтүрүштү, адам өлтүрүүгө аракет жасашты, укук коргоо органдарын барымтага алышты, анысы аз келгенсип кечинде бийликти куралдуу жол менен басып алуу, баш аламандыктарды ар тараптан уюштуруу, Бишкек шаарын талап тоноо – негизги максаттарынын бири болгондугу ачык айкын болду.

Өзүңөр байкагандай, Курман айтты белгилөө учурунда аянтка келген миндеген мекендештерибиз милициянын коомдук коопсуздукту сактоодо өз милдеттерин жана парзын так аткаргандыгына баа беришип, баталарын беришти.

Бүгүнкү күндө серепчилер, Кыргызстандын бардык жарандары, Бишкек шаарынын тургундары, меймандары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, газета-телевидениялар аркылуу, социалдык түйүндөр аркылуу кыргыз милициясы өз милдеттерин так жана мыйзам чегинде аткаргандыктарын баса белгилешип, эл ишенимине ээ болгондугун баса белгиле-ген ыраазычылыктарын жана алкыштарын байма-бай айтып жатышат.

Биз, Кыргызстандын жалпы жарандарына коомдук тартипти сактоодо милицияга кошкон салымыңыздар, колдооңор үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Коомдук тартипти сактоо – Кыргызстандын ар бир атуулунун милдети экендигин жана аны баарыбыз көздүн карегиндей сактоого милдеттүү экендигибизди дагы бир жолу баса белгилегим келет.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: