Menu

Тажикстанда сим-карталарды кайра каттоо мөөнөтү узартылды

Бөлүшүү:

Тажикстанда мобилдик телефондордун сим-картасын ID-паспортторуна кайра каттоо мөөнөтү узартылды. Буга чейин акыркы мөөнөт 15-август экени кабарланган.

Учурда жүз миңдеген абоненттер сим-караталарын жаңы үлгүдөгү паспортко кайра каттатуу процедураларынан өтүшкөн жок.

Такталбаган маалыматтарга караганда, сим-карталарды кайра каттоо мөөнөтү жарым жылга узартылды. Мобилдик операторлор абоненттерине бул жаңылыкты жайылта элек.

Июлда Тажикстан ИИМинин башчысы Рамазон Рахимзода паспорт столдору ID-паспортторду берүүгө үлгүрбөй жаткандыктан, өкмөттөн сим-карталарды кайра каттоонун мөөнөтүн жылдырууну суранган.

Февралда Тажикстан бийлиги сим-карталарды каттоо жаңы үлгүдөгү паспорттордун негизинде жана видеокамералардын байкоосунда жүргүзүлөрүн жарыялаган. Өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, 1996-жылкы үлгүдөгү паспорттун ээлери аны 2014-жылкы үлгүдөгү ID-карталарга алмаштырууга милдеттендирилген.

Жашы жете электер сим-карталарды ата-энелеринин же камкорчуларынын кат жүзүндөгү макулдугу менен сатып ала алышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: