Menu

Курсан Асанов чыккынчы беле?

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кызматтан алынды. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Абылгазиев кол койгону да айтылды. Ошентип, милициянын генерал-майору Курсан Асанов орун басарлык орду менен коштошту.

ИИМдин маалыматына караганда ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда коомдук коопсуздукту сактоодо А.Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында, Асановдун милициянын кызыкчылыгын саткандыгы аныкталып, ага карата ишенимдин жоголгон. Мындан улам ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына юридикалык баа берүү үчүн жиберилгенин ИИМ билдирди.

13-августтагы маалымат жыйынында ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев Атамбаевге күч түзүмдөрүндөгү ар кандай маалыматтар убагында жетип турганын жана аны ички жаатында иштеген бир адам жеткиргенин билдирген. Бул убакта Курсан Асановдун кызматтан алынганына коомчулукка билине элек эле. Маалымат жетип тургандыктан, Атамбаев тийиштүү чараларды көрүп, бул адам өмүрүнүн кыйылышына себепкер болгонун байкоо кыйын эмес. Асанов кызматтан алынгандан кийин эки жакка маалымат ташыган “почточу” ким экени белгилүү болду. Курсан Асанов мурдагы президенттин көздөй кишиси болгонун, генерал чинин так ошонун бийлик тушунда алганы маалым. Демек, мурдагы орун басарга жабылган “милициянын кызыкчылыгын сатканы” боюнча айып Кой-Таш окуясына барып такалат.

7-8-августта мурдагы пезидентти кармоо операциясы соңуна жетерине аз калганда, кайдан-жайдан Курсан Асанов пайда болгон. Коомчулукта министр Кашкар Жунушалиев Атамбаевди эпке келтирип, өз эрки менен сыртка чыгууга көндүргөн сааттарда Асанов келе калып, Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн деп айтылууда. Жыйынтыгында, кыйын кырдаалдан өтүп, мурдагы президенттин айланасындагы абалды жөнгө салууга жетишкен жетекчилер четте калып, ортодон пайда болгон Асанов Атамбаевди кепке келтиргендей көрүнүш жаралган. Аны менен мурдагы орун басар коомчулуктун алкоосуна татып, “жылдызга” да айланды.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: