Menu

Фото – УКМК ККК: Токмок шаарынын прокурорунун улук жардамчысы 3 миң АКШ доллар пара алып жаткан учурда кармалды

Бөлүшүү:

13-август күнү А.К. аттуу жарандын кайрылуусу боюнча КР УКМК тергөө башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейики өндүрүштүн негизинде катталды.

Такталгандай, Токмок шаардык прокуророунун улук жардамчысы жергиликтүү ири өнөр жай ишканасынын кызматкери менен биргеликте А.К.15 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылган. Анда А.К. жодошу Кытай Эл Республикасынын жараны болуп, аталган ишканада мыйзамдуу эмгектннип жатканына карабастан, КР аймагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз сатып алаган деп коркуткан. Ошондой эле, пара бербеген учурда чет элдик жаранды депортация кылуу максатында
тергөө органдарына берүүчү материалдар бар экендигин айткан. Кечээ, 14-август күнү КР УКМК ККК Башкы прокуратурасынын ички тергөө бөлүмү менен биргеликте ыкчам-тергөө иш чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Токмок шаарында К.Т. 3 миң АКШ
долларын алып жаткан учурда кармалды. Ошондой эле, ишкананын кызматкери М.Т. кызматкер тарабынан пара таалап кылуу жана алууда ортомчу болгону үчүн кармалды.

Кармалгандар УКМК убактылуу кармоочу жайына кармалды. Азыркы убакта тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: