Menu

Наманганда мугалимдерди эл каттоого мажбурлашууда

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Наманган облусунун мектеп мугалимдери жетекчилик алардын эмгек өргүүсүн үзгүлтүккө учуратып, ысыкта калкты каттоо жумуштарына мажбурлаганын билдиришүүдө.

Атын атагысы келбеген намангандык мугалимдин айтымында, 5-августтан бери ал ондон ашык кесиптеши менен үйлөрдү кыдырып, эл каттап жүрөт.

– 40 градус ысыкка карабай, үйлөрдү кыдырып, анкета толтуруп жүрөбүз. Эгер бул жумуштан баш тартсак, директордон тил угабыз. Директор болсо элдик билим берүү башкармалгынан, алар облустук администрациядан тил угат, – деди мугалим.

Наманган облустук администрациясынын өкүлү аймакта эл каттоо өнөктүгү жүрүп жатканын тастыктады. Анын айтымында, иш-чаранын башкы максаты – жумушсуздуктун алдын алуу, социалдык жардамга муктаж кишилерди аныктоо жана жеңилдетилген насыя берүү үчүн аларга көмөк көрсөтүү.

Бирок чиновник бул ишке мугалимдерди тартууга эч ким буйрук бербегенин билдирди.

Буга чейин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин мажбурлап иштетүүнү сындаган.Өзбек лидери мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин коомдук жумуштарга тартууга тыюу салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: