Menu

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков: Атамекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу – маморгандар менен бизнестин биргелешкен милдети

Бөлүшүү:

«Атамекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу — маморгандар менен бизнестин биргелешкен милдети», — деп белгиледи  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта «Бишкек» Эркин экономикалык аймагына барып, экспортко багыт алган бир катар атамекендик ишканалардын иши менен таанышканда.

Мамлекет башчысы өндүрүштүк процессти, чыгарылган пролукцияларды көрүп, алардын жетекчилигинин көйгөйлөрүн укту.

«Салкын» ЖЧКсынын байпак өндүрүү боюнча ишканасынын жетекчиси бул ишканага 20 миллион сомдон ашык инвестиция тартылганын айтты. Чыгарылган продукциялардын көп бөлүгү Казакстандын жана Россиянын базарларына жөнөтүлөт. 200 адам жумуш менен камсыз болгон.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле желим, боёкторду, курулуш материалдарын жана жалаякшымдарды чыгарган  «Пейванд» ЖЧКсынын иши менен да таанышты.  Мында 18 адам иштейт, продукциялар алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө — Россига, Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга жөнөтүлөт.

Андан соң Президент айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылууда пайдаланылуучу буюмдарды, материалдарды жана түтүктөрдү өндүрүүчү «Корона» ЖЧКсынын ишканасына барды. Ишканада 15 адам эмгектенет. 2019-жылдын биринчи жарымында чыгарылган продукциялардын жалпы наркы 1 миллион сомдон ашкан.

Мамлекет башчысы бул ишкананын социалдык багыттагы ишкана экенин канааттануу менен белгилеп, өндүрүлгөн продукциянын сапаты өлкөнүн региондорун таза суу менен камсыз кылуунун сапатына тикелей таасир эте турганына көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкер менен маектешүүнүнү жүрүшүндө инвестицияларды, заманбап технологияларды тартуунун жана жумуш орундарын түзүүнүн маанилүү экенин дагы бир жолу белгиледи.

Ал ошондой эле калктын турмуш деңгээлинин жогорулашына өбөлгө болуучу экспортко багыт алган ишканаларды көбөйтүү, өндүрүштү өнүктүрүү, заманбап транспорттук, өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураны түзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ишкерлер тарабынан айтылган бардык көйгөлүү маселелер боюнча мамлекеттик органдарга тийиштүү сунуштар бериле турганы белгиленди.

Ишканаларды кыдырууга Президенттин кеңешчиси Олег Панкратов, экономика министри Санжар Муканбетов, Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: