Menu

Генерал Курсан Асанов кызматтан алынды. Чыккынчылыкпы же ич күйдүлүкпү?

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. “Асанов  милициянын кызыкчылыгын сатты жана ага карата ишенимдин жок болгондугу үчүн кызматтан алында” деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

7-8-августта Кой-Таштагы окуялардын жүрүшүндө массалык баш аламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө министрдин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнү айтылат. Анын жыйынтыгында Курсан Асановду кызматтан бошотуу сунушу берилип, иликтөөнүн жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилди.

ИИМ Асановдун конкреттүү кайсы катасы үчүн кызматынан бошотулгандыгы тууралуу маалымат берди. Маалыматта ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармоо учурунда аны менен 3 жолу сүйлөшүү жүргзүгөнү, министр Атамбаевди көндүргөн соң Асанов өзүн пиарлоо үчүн ал ишке аралашканы жазылат. Бул маалымат коомчулукту ынандыра алган жок.

Мисалы, Атамбаев тергөөге барууга макулдук берип, колго түшкөн учурда тартылган видеолордо сүйлөшүүнү Курсан Асанов менен жүргүзгөнүн көрүүгө болот. Колго тушуп, 3-кабаттан түшүп келе жатканда Атамбаевдин “О, Кашкар да бул жерде экен” деп таңданып, жолунан кезиккен ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев менен учурашып еткенун керууге болот. Жен гана учурашып койбой, мурдагы президент министрдин ошол жерде жүргөнүнө таң калат. Мындан улам министрликтин “сүйлөшүүнү Кашкар Жунушалиев жүргүзүп жаткан” деп тараткан маалыматы чындыкка коошпой калды.

Бул окуя боюнча Курсан  Асанов өзу билдирүү таратты. “Мен кызматтык милдетимди аткардым деп ойлойм. Жеке кызыкчылыгымды мамлекеттикинен жогорку койгон жокмун. Мундирдин ар-намысы жана генералдын сөзү мен үчүн маанилүү. Өлкө коркунучта болуп турганда өзүмдүн күчүмдү, өмүүмдү мамлекеттин туруктуулугун сактоо үчүн аяган жокмун” – деди Асанов.

Дагы бир жагдай. Интернетке Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүгө барып, анын үйүнөн акча, кымбат зер буюмдар салынган баштыкты алып чыгып кетти деген видеотасма тарады.

Бирок бул тасманын таасири жарым саатка жетпей урады. Анткени аталган баштык менен папка Алмазбек Атамбаевдин жанындагы адамдардын колунда ИИМге УКМКга алынып келингени тартылып калган ошол күндөрү видеолорду ЖМКлар жарыялашты.

Сырдуу баштык тууралуу КСДПнын жактоочусу Замир Жоошев билдирүү жасады. “Атамбаев Курсан Асановго алтын, акча берди деген жалган маалыматтарга ишенбегиле! Анын ичинде алтын же баалуу нерселер эмес, Алмазбек Атамбаевди тергөөдө укуктарын коргой турган документтер болгон”,  – деди Жоошев. Ошондой эле ал баштык учурда жанында экенин кошумчалады.

Айта кетсек, Купсан Асанов 8-августтаАтамбаевди колго түшүрүү операциясында аны менен сүйлөшүү жүргүзүп, суракка барууга көндүргөнү ошол күнү тартылган видеолор аркылуу көпчүлүккө тарап кетти. 2010-жылы июнь айында Ошто орун алган каргашалуу жаңжалда элдин тынчтыгын сактап жүргөндөрдүн сап башында да ушул адам турган. Курсан Асановдун ордуна ошол эле күнү Памирбек Асанов дайындалды. Ал буга чейин тергөө кызматынын башчысы болчу.

14-августта Башкы прокуратура Асановго “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүнү Аскер прокуратурасына өткөрдү.

Булак: «Супер Инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: