Menu

ИИМ: УКМКнын ыкчам отрядынын кызматкери Усенбек Ниязбеков өзүнүн ок атуучу куралы-автоматынан атылды деген маалымат чындыкка жатпайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 7-8-августтагы окуялардын дагы бир активдүү катышуучусу 1990-жылы туулган жаран К.Р. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн ар кайсы маалымат агенттиктериндеги таратылып жаткан УКМКнын ыкчам отрядынын кызматкери Усенбек Ниязбеков өзүнүн ок атуучу куралы-автоматынан атылды деген маалымат чындыкка жатпайт. Окуялардын жүрүшүндө алынган курал-жарактардын бардыгына трассологиялык жана баллисстикалык экспертизалар дайындалды. Экспертизаныны жыйынтыктары азырынча даяр боло элек. Белгилеп кете турган нерсе кармалган жарандын адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген маалымат сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө текшерилүүдө. Аны экспертизанын жыйынтыгы менен кошумча билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарын бардык өкүлдөрүнөн такталбаган жалган маалыматтарды жарыялоодон карманып турушуңуздарды суранат жана мамлекеттик ыйгарым маалыматтарды жарыялоону өтүнөбүз.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: