Menu

Өмүрбек Бабанов кайтып келди. Ага өкмөт башчылык кресло сунушталдыбы?

Бөлүшүү:

2017-жылдан бери Орусияда баш калкалап жүргөн саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргыз жерине кайтып келди. 9-августта аны “Манас” аэропортунан Руслан Казакбаев, Максат Сабиров, Мирлан Жээнчороев өңдүү Жогорку Кеңеш депутаттары жана жүздөгөн тарапташы тосуп алды.

“Сабырдуу болгула”

Көпчүлүктү Бабановдун кандай максатта өлкөгө кайтканы, ага карата УКМКнын мамилеси кызыктырып турган. “Атамбаев кармалды, бош калган оппозициялык талааны эми Бабанов ээлеши мүмкүн” деген жоромолдор да айтыла баштаган. Аэропорттон чыккан Бабанов кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алган колдоочуларын сабырдуу болууга чакырды. “Мен жакшы учуп келдим, эч ким текшерген жок. Билесиңер, мен дайым мыйзамдуу жолдо жүргөм. Уктум, УКМК Бабановго карата кылмыш иштери бар деп жарыя кылыптыр. Жооп берүүгө даярмын”,- деди. Бул билдирүү Бабановдун азыркы бийликке каршы сүйлөп, оппозиция болбой турганынан кабар берет. Ал эми аны УКМК Өмүрбек Текебаев сындуу учакта траптан түшө электе кармап кетпегенине караганда Өмүрбек Бабановдун кайтуусу алдынан бийлик менен сүйлөшүлгөнүнөн кабар берет.

Ал өлкөгө кайтарын 8-августта, Алмазбек Атамбаев ИИМ тарабынан кармалган күнү жарыялаган. Ушул эле күнү УКМК “Бабанов келсе мыйзам алдында жоопко тартылат” деген билдирүү жасаган. УКМК азырынча аны суракка чакыра элек. 12-августта Бабанов үй-бүлөсү, жакын адамдары менен кичи мекени Таласка барып, айылдаштары, тарапташтары менен жолугуп, түлөө өткөрдү. Анын үй-бүлөсү менен түшкөн жаңы сүрөттөрү интернет желесине жарыяланууда.

“Саясаттан кеттим”

2017-жылы президенттик шайлоодо утулуп, өлкөдөн чыгып кетип, өзүнө кылмыш иши ачылган соң Өмүрбек Бабанов саясаттан биротоло кетерин жар салган. Учурда Бабановдун үстүндө 2 кылмыш иши бар.

“Келет, келе албайт”

Бабанов өлкөгө кайтарын буга чейин да жарыялап,бирок келе алган эмес. Мисалы, быйыл 13-апрелде келерин билдирип, бирок учарына бир нече саат калганда оюнан кайткан. Аны Бабанов “мени тосуу үчүн уюштурулган тынчтык митингине үчүнчү күчтөр даярданып жатканын айтышты. Мени колдогондордун бирөөлөргө курал болуп калышын каалабайм. Максатым – Кыргыз жерине тынч кайтып баруу” – деп түшүндүргөн. Бул учурда Бабановго “коркок, саясий эрки жетишсиз” деген сындар айтылып жатты. Ал күнү атасын тосуп алуу үчүн баласы Нурэмир АКШдан, кызы Лондондон Бишкекке учуп келгени да белгилүү болгон эле.

Айта кетсек, “Республика” партиясы 13-апрелде Бабановду колдоо митинги өтөрүн жарыялап, Бишкек мэриясына билдирүү жөнөткөн. Бирок мэрия бул митингди Бишкектин эски жана борбордук аянтында өткөрүүгө уруксаат берген эмес. Эксперттер муну Бабановдун өлкөгө кайтып келүүсүнө каршы аракет деп баалашкан.

“Эскиниби жаңыныбы”

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы ажо Сооронбай Жээнбековдун тирешинде Бабанов кимисин тандаары да кызыгуу жаратты. Эки тарап тең Мосвкага чабарман жөнөтүп, Бабановду өзүнө тартууга аракет көрүп жатат деген сөздөр айтылып жатты. Мисалы, быйыл жазында парламент депутаттарды Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев Москвага барып, Бабанов менен сүйлөшүү жүргүздү деген сөз тараган. Көп өтпөй Исаев Москвада Бабановго жолукканын ырастаган. Алмазбек Атамбаев да Бабановдун оппозицияга өтүшүн колдой турганы сөзүнөн байкалып жатты. 22-июлда Атамбаев “Бабанов эч нерседен коркпой өлкөгө кайтып келиши керек. Капа кылууга жол бербейбиз” – деген билдирүү жасаган. Эксперттер “бийлик тарап жеңди, Бабанов бийлик менен алдын ала сүйлөшпөсө өлкөгө келе албайт болчу” деген пикирлерди айтышууда. Тар чөйрөдө “Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетип, Бабанов өкмөт башчылыкка барат” деген сөз жүрүүдө.

“25 суроо берилеби?”

Коомдун бир бөлүгү бүгүн президент Жээнбековго анын 2 жыл мурун Бабанов тууралуу айткан сөздөрүн эскерип, жооп кандай болоруна кызыгуу артууда. Эскерте кетсек, 2017-жылы президенттик шайлоонун алдында талапкер Жээнбеков Бабанов менен теледебатта  айтышкан. Анда Жээнбеков Бабановго: “Президент болуп калсам коррупцияга каршы күрөштү сенден баштайм. Сага берчү 25 суроом бар” деген. 2017-жылы президенттик шайлоодо Бабанов 600 миңден ашык добуш алып, 2-орунду ээлеген. Өлкөдөгү жаш, акчалуу, колдоочусу көп саясатчылардын бири. Коомчулук президенттин 25 суроосу, коррупцияга каршы күрөшү деле күчүндөбү же саясий абалга жараша өзгөрүп кеттиби деп байкоо салып турган чагы.

Булак: «Супер инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: