Menu

Тажикстан Кытайга кургак жемиш экспорттоого ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстан соода өндүрүш палатасынын төрагасы Жамшед Жумахонзода Кытайга тажик кургак жемиштерин жеткирүү тууралуу келишимге BEIJING EXPO -2019 жарманкеси учурунда жетишилгенин билдирди.

Тажик ишкерлери алгач фермерлер үчүн салыкты азайтуу жана кургак жемиштерди кайра иштетүү, таңгактоо үчүн заманбап технологияларды киргизүү керек деп эсептешет.

Учурда Тажикстандын бул багыттагы негизги соода өнөктөштөрү Орусия менен Казакстан.

Өткөн жылы Тажикстан 212 миң тонна жашылча, 447,7 миң тонна мөмө-жемиш өндүргөн.

2015-жылы Кыргызстан Евразиялык Экономикалык Биримдикке кошулгандан кийин Тажикстанда кургак жемиштерди аткезчилик менен ташуу көбөйгөн. Маселен, 2016-жылы Тажикстандан аткезчилик жол менен Кыргызстанга, андан ары ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө 50 миң тонна кургак жемиш жөнөтүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: