Menu

ИИМ: Аида Салянова тергөө менен кызматташууну каалагандыгын билдирди

Бөлүшүү:

Мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага карата бөгөт чарасы өзгөрүлдү. Азиз Батукаевди эркинен ажыратуу жайынан  мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун чечими менен  А. Саляновага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

15-август күнү Аида Салянова Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн алынып келинген.
Тергөө амалдарын жүргүзүүнүн жүрүшүндө жактоочусунун катышуусунда А. Салянова тергөө менен кызматташуу каалоосун билдирди. Ушуга байланыштуу, жаңы мыйзамга ылайык башында тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына алуу түрүнө өзгөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: