Menu

Чодоңдогон Чодуевдин “былыктары” чубалууда

Бөлүшүү:

«Көңүлдөшүн» Кытайга жөнөтө коем деп кылтакка илинген Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевдин кыңыр иштери бир чекеден чууруп чыгууда. Ал бөлүм башчынын министрдин орун басары рангында деп берген тастыктама каты мыйзам бузуу катары аныкталганын тиешелүү органдар билдирди. Анысы «бас-бас» боло электе, эки күн мурун аялы менен бир тууганы ээлик кылган «Ак-Теке» компаниясына кирешени бурганы айтылса, кечээ күнү Жалал-Абаддагы «Коттон Оушен» фирмасынын директору Замира Ибрагимова 2007-жылы Эркинбек Чодуев жеп кеткен миллион долларды текшерүүнү өтүндү. Көрсө, Эркинбек Чодуев «Хлопковая корпорация Лиматекс» ЖЧКсын башкарып турган маалда “Коттон Оушен» – фирмасы пахта даярдап берүү үчүн 1 500 000 миллион доллар берген экен. Чодуев бардык талаптарды аткаруу үчүн кол коюп, бирок аягында пахтаны да бербей, акчаны да кайтарбай качып кеткен. «Коттон Оушен» укук коргоо органдарына кайрылып, экспертиза аныктап, кылмыш иши бир нече ирет козголгон, тилекке каршы улам кыскартылып аягына чыккан эмес. Министрдин орун басары болуп турганда дагы козголуп, бирок «бармак басты, көз кысты» менен бүтүрүптүр. Кыскасы, «аферисттик» жол менен байыган эргул акчанын күчү менен министрликке чейин жеткени билинди. Мындай адам бир тармактын башында эмес, түрмөнүн төрүндө отурушу керек.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: