Menu

Өзбекстанда милиция имаратын ремонттоого демөөрчү таппаган инспектор ишсиз калды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын ички иштер органдарында алты жыл жумуш иштеген 31 жаштагы инспектор Фуркат Курбанов милиция бөлүмүнүн имаратынын ремонттоого демөөрчү таба албаганы үчүн июнь айында иштен бошотулганын айтууда.

Милициянын мурдагы лейтананты Курбановдун билдиришинче, былтыр имарат толугу менен демөөрчүлөрдүн каражатына ондолгон:

–AKFA фирмасынын пластик эшик-терезелерин өзүбүз орноттук. Алардын ар бирин 850 миң сумга (100 доллардын тегереги) сатып алдык. Милиция имаратынын маңдайындагы санариптик таблону 2 миллион сумга (220 доллар) койдук. Мамлекет буга бир тыйын дагы бөлгөн жок.

Демөөрчүлөрдү катардагы милиция кызматкерлери тапкан.

– Маселен, жеке менчик фирмада курулуш же ремонт жүрүп жатса, биз алардан цемент же кирпич сурайбыз. Башында алар биздин погондорду көрүп, макул болуп жүрүштү. Кийинчерээк тажашты. Анан биз курулуш материалдарын саткан дүкөндөрдүн жетекчилерине жана ишкерлерге кайрыла баштадык. Материалдарды карызга алып, кийин аны өз чөнтөгүбүздөн төлөдүк, – деди Фуркат Курбанов.

Быйыл ал демөөрчү издөөдөн баш тарткандыктан, жумушсуз калган.

Бухара райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү Азима Халикова ремонт иштеринин бир бөлүгү демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашканын тастыктады. Бирок ал инспекторлор өз эрки менен жардам бергенин, Фурхат Курбанов аттестациядан өтпөй калганын айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: