Menu

УКМК: КР жарандарын Сирия жана Ирактагы качкындар лагерлеринен кайтарып келүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, КР улуттук коопсуздук органдары тиешелүү тараптар жана ошондой эле өнөктөш кызматтар менен биргеликте Сирия жана Ирак согуш аймактарындагы, ошондой эле ар кандай качкындар лагеринде жүргөн жарандарды кайра кайтаруу боюнча иштердин экинчи этабын улантууда. Азыркы убакта террористтик иш-аракеттерге катышкандардын жарандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат. Ал жерде көбүнүн балдары бар болгондуктан мекенге кайтарып келүү үчүн ата-энелеринин макулдугу керек, бирок атасы же энеси атайын текшерүү иш-чаралары аяктагыча Сирия-Ирак аймагында калуусу шарт.

Эгер, ата-энелери террористтик иш-аракеттерге катыштыгы бар болгон учурда, алар  балдарга болгон укугунан ажыратылат.

Жарандар мекенге кайтып келгенде реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталат.

Сирия жана Ирак согуш аймактарындагы жана качкындар лагерлериндеги КР жарандарын кайтарып келүү КР Президентинин көзөмөлүндө турат.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча коомчулукка толук маалымат берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: