Menu

Коомдук ишмер Манас Саматов “Азаттыктын” Бишкек бюросунун жетекчисине кайрылуу жасады: “Трайбализм илдети силерге да жеткендей”

Бөлүшүү:

Коомдук ишмер, техника илимдеринин кандидаты Манас Саматов социалдык тармактар аркылуу “Азаттык” радиосунун Бишкектеги бюросунун жетекчиси Айзада Касымалиевага кайрылуу жасап, “Азаттык” акыркы жылдарда калыстыктан тайып, мыйзамдуулукту сыйлабай, айрым журналисттери саясатчыларга адвокат болуп алышып, трайбализм илдетине чалдыкканын белгилеп, кыргыз элине калыс маалымат берүүгө чакырды. Баса, Манас Саматов 2015-жылы АКШга барган жоон топ коомдук ишмерлердин курамында “Свобода” радиосунун Вашингтондогу башкы кеңсесине кирип,  “Азаттыктын” кыргыз редакциясы акыркы жылдарда калыстыктан тайып, бийлик менен тымызын кызматташып, оппозицияны чанып, бир жактуулукка ооп кеткенин ачык бетке айтышкан. Америкалыктар скайп аркылуу Прагага чыгып, “Азаттыктын” жетекчиси Венера Жуматаева менен кыргыз делегациясына түз эфир уюштуруп, Жуматаева “азыр ооруп жүргөнүмө байланыштуу коллективге көзөмөл азайып кетти эле, эми ишти оңдойм” деп убада кылган… Ошол делегациянын мүчөсү Манас Саматов эми “Азаттыктын” Бишкек бюросунун жетекчисине төмөнкүдөй кайрылды: ( текст)

“Айзада Касымалиева, байкашымча мен сыйлаган Азаттыктын коллективи акыркы жылдары өзүнүн негизги милдеттерин, демократиялык баалуулуктарды даңазалоо, окуяларды калыс көз караш менен чагылдыруу, сөз эркиндигин туура пайдалануу сыяктуу принциптерден бир аз четтей түшкөндөй туюлат.
Айрым эски саясатчыларды улуттук лидер катары сүрөттөп, алардын баскан-турганынан бери элге маалымат берип, акыркы окуяларды чагылдырууда да мыйзамдуулукту сыйлаштын ордуна “ким кимди колдошту өзү билет” философиясын таркатып интервью жасаганыңар мени таң калтырды, Кой-Таш.
Айрым журналисттер адвокат болуп алгандай сезим калтырып жатышат, трайбализм илдети Сиздерге да жеткендей сезилет экен.
Сиздердин Кыргыз элинин тагдырын туура багытка буруп иштөө мүмкүнчүлүктөрүңүздөр өтө чоң.
Сиздер мындай мүмкүнчүлүктү натыйжалуу пайдаланып Кыргыз элине калыс маалымат берүүнү туу тутуп иштейсиздер деген үмүтүм зор!
Алкыштар!”

Манас Саматов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: