Menu

ИИМ: Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын үйүнөн митингдин жана массалык башаламандыктын катышуучуларына арналган ири суммадагы акчалар табылды

Бөлүшүү:

«2019-жылдын 8-августунан 9-августуна караган түнү Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 7-8-августта болуп өткөн массалык башаламандык фактылары боюнча сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында Атамбаев Сейит Алмазбековичтин Бишкек шаарында жашаган кайнатасы Ж.М. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

“Тинтүүнүн жүрүшүндө Сейит Атамбаев 8-август күнү сактап тургула деп кайнатасынын үйүнө таштап кеткен сумка алынган. Ал сумкада 170 000 сом, жашаган айылдары, телефон номурлары да көрсөтүлгөн  адамдардын тизмеси, ошондой эле 2 225 000 сом жана 318 000 АКШ доллары кимдерге чыгымдалганы боюнча тизме табылган. Алдын-ала маалыматтар боюнча бул акчалар Кой-Таштагы митингдер менен массалык башааламандыктардын катышуучуларын багууга жана каржылоого жумшалган. Азыркы учурда бул тизмелер тыкыр иликтенүүдө жана жакынкы аралыкта бул боюнча мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат”, – деп билдирет ИИМ.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: