Массалык маалымат каражаттарында Алмаз Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев өтө катуу сабалыптыр деген маалымат таратылууда, буга байланыштуу Ички иштер министрлиги ал маалыматты төгүндөө жана тактоо иретинде төмөнкүлөрдү билдирет:
Сейитбек Атамбаев КР ИИМдин Тергөө кызматына 8-август күнү чакырылып, суракка алынган жана ал учурда анын денесинде эч кандай жаракат болгон эмес. Эртеси, 9-августта Сейитбек Атамбаев кайра чакырылып, кошумча суракка алынганда жыгылып, бутун кокустатып алганын, андан улам Бишкек шаарынын Манас проспектиндеги травматологиялык пунктка кайрылып медициналык жардам алганын, ал эми 7-8-августтагы окуяларда денесинен эч кандай жаракат албаганын айтып, арызы жок экенин билдирген.
Азыркы учурда Сейитбек Атамбаев денесине кандай шартта жаракат алганы иликтенүүдө.
Сейитбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, сотко чейинки өндүрүштөгү иштер боюнча суракка алынууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ