Menu

1-класстын электрондук каттоосуна жетишпей калгандарга кулактандыруу

Бөлүшүү:

15-августтан тартып “Электрондук каттоо” программасы менен мектепке кирбей калган балдарды 1-класска кабыл алуу комиссиясы иштеп баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Сөз Бишкек шаары жөнүндө болуп жатат. Комиссиялар төрт райондун билим берүү борборлорунда иш алып бармакчы.

Онлайн түрүндө документ тапшыра албай калган ата-энелер арыз жазып төмөнкү даректердеги комиссияларга алып барса болот:

-Биринчи Май райондук билим берүү борбору (Москва көчөсү №121 үй). Рахат Мусаева, телефону: 66-06-89;

—Свердлов райондук билим берүү борбору (Кийизбаев көчөсү, №91 үй), Махабат Керимбекова, телефону 68-79-70;

— Ленин райондук билим берүү борбору (Чүй проспектиси, №315 үй), Гүлзат Алымкулова, телефону 65-68-93;

— Октябрь райондук билим берүү борбору (Жукеев-Пудовкин көчөсү, №150 үй), Анара Турдакунова, телефону 57-70-85.

Комиссиялар 15-августтан 25-августка чейин саат 15:00дөн 19:00гө дейре иштешет.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: