Menu

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповго түз суроо: Сиз 5 жыл жетектеген убакытта Нарындын кайсыл жерин гүлдөтө алдыңыз?

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Теңир-Тоо өрөөнүн 2013-жылдын аягынан бери жетектеп келе жатканы маалым. Өлкөдөгү эң ири аймакты башкарганына 5 жылдан ашса дагы көзгө сүртүп, көңүлгө түйөр иш жасай албады. Тескерисинче, нарындыктарды күн өткөн сайын нааразы кылып, кыжырын кайнатууда. Маселен, акыркы эле окуяны алсак, Солтон-Сарыдагы чыр түздөн-түз Кайыповдун шалаакылыгынан тутанды. Жайлоодогу эл тынбай чыркырап, малы өлүп, балдарын жара басканын айтып жатты. Кулак түргөн жок. Качан «дүрт» эткенде жетти. Бирок, анда дагы элдин алдын тосо чуркап, «кенге барбагыла, мыйзамсыз кадамды жасабагыла» дегенге жараган жок. Жаш балдардын канын кызытып туруп жолго салды дагы кала берди. Жыйынтыгын көрдүк, инвесторлор менен жергиликтүү эл кагышты. Бул окуя Кайыповдун чыныгы жүзүн ачып берди. Эми Аманбай Кудайдын мурдунан түшкөн неме болсо дагы токтоосуз түрдө чара көрүлүшү керек.

Аманбай Кайыповмч, Солтон-Сарыдагы кенди иштеткен инвесторлорду ур-токмокко алган окуяда эмне үчүн кайдыгерлик кылып, элдин алдын тоскон жоксуз? Беш жылдан бери Нарын облусунда эмне иш аткардыңыз? Солтон-Сары кениндеги үлүшүңүз канча? Усубалиевдин сүрөтүнүн ордуна Кыдырма Орозалиевдин сүрөтүн илгендер кандай жаза алды? Нарын дубанын 5 жыл бою жетектеп олтуруп кайсыл жерин гүлдөттүңүз? Жооп бере аласызбы?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: