Menu

Күнкарама соодагердин көлөкөсү…

Бөлүшүү:

Асмандан Иисус Христос түшчүдөй болуп жатып, Бабанов да мекенине кайтты. “Күйөөгө тиер кыздын тийгенинен да, тийгенге чейинкиси кызык” демекчи, Бабановдун келгенинен да, келгенге чейинкиси кызык болуп, коомдук пикирдин көңүл борборунда болуп келген.

Эми болсо катардагы бир окуяга айланып, коомчулуктун кайдигер кабыл алуусунда болуп калды. Албетте, Бабанов келиш керек. Ал да кыргыз жараны. Мамлекет үчүн кандай жакшы иштерди жасады ага тарых баасын берет. Анын бийликтин жогорку эшелонунда жүргөнү, саясий партиянын лидери экени акыйкат. Бул өңүттөн алып караганда Бабанов Кыргызстанга келүүгө толук укугу бар. Маселе башкада. Буга чейин бир канча жолу бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын ишараты менен сыртка чыгып кеткени, анын кайра кайтаар-кайтпасы мамлекет жетекчилигинин көз карашына жараша болоору айтылып эле келген. Эки жолу сүйлөшүү да жүргөн. Бирок Бабановдун тынч күндөрдө өлкөгө келбей, кырдаал курчуп, эл толкундоосу кызып турганда – келүүсүндө мандем бар.

Элибизде жакшы кеп бар. “Анда бол, мында бол, аш ичкенде пайда бол” деп, кыйчалыш учурда жеке мүдөөсүн көздөп, керектүү жерде пайда боло калгандарды айтып коюшат. Бабанов да дал ошол анда бол, мында болдордун сап башында. Кайсы бийлик менен болсо кызматташып, каалаган жерге ыңгайын таап кире калган өзгөчө сапаты бар экенин билебиз. Акаев, Бакиев, Атамбаев менен иштешүүдө чеберчилигин көргөзө алган. Алардын ишенимдүү өнөктөшү болууга жетишкен. Азыр да ошол учурду, ыңгайды күтүп жаткандай.

Айрым маалыматтарга караганда, Алмаз Атамбаев 7-8 августтагы каргашалуу окуя болоор алдында Өмүрбек Бабанов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бийлик аны күч менен кармап кете турган болсо, дал ошол күндүн эртеси өлкөгө кирип келип, өз тарапташтары менен Атамбаевди колдоого алмактыгы тууралуу сөздөр тараган. Демек, ошондой сөз болгон болсо, Атамбаев ага толук ишенген. Дүрбөлөң болгон 7-августтун эртеси, сегизи күнү “Форум” ишканасынын алдына митинг кылабыз деген да ой ошондон улам болгону айтылат. Натыйжада баары тескери чыкты. Курч кырдаалдан өзүнүн пайдасын издегенге уста, мант бергендин жогорку чебери Өмүрбек Бабанов дал ошол маалда бийлик менен сүйлөшүп алып өзү өлкөгө кирип, Атамбаевдин түрмөгө түшкөнүнө салым кошуп бергени тар чөйрөдө талкууланууда.

Мындай коомчулуктун күмөн саноосуна чындап негиз болуп, буга чейин келсе эле мыйзам негизинде жоопко тартылаары атайын кызматтар тарабынан эскертилип келсе, эмнегедир дал ушул окуяларга куйрук улаш ээн-эркин кирип келген Бабановдун учурда туулган жеринде жолугушууларды өткөрүп жүргөнүндө чындап шек бар. Буга дейре “Саясаттан кеттим” – деп бир нече жолу айткан. Бакиевдин тушунда оозун куу чөп менен аарчып, куйругун чатына кыпчыган. Анан 2010-жыл 7-апрелдеги революциядан соң, саясий айдыңда булуттан чыккан айга окшоп пайда болду. Өз алдынча партия түзүп, өлкөдөгү саясий процесстерге батыл аралашты. Президенттик шайлоодон Сооронбай Жээнбеков такка отурганда, кылмыш иши козголуп, кара башын калкалап саясаттан кеткенин айтып өлкөдөн чыга качты. Эми минтип жылмаңдап кайрадан көз жоорутуп, шайлоого даярдык көрүүдө. Хамелеон да мындай кубула албайт. Дагы образдуу айтсак, Бабанов күн тийген учурда пайда болгон көлөкөдөй. Күн жокто издеп таппайсың. Күндү карап кубат алган, күн жокто куурап калган күнкарама же күн тийген жердин күкүгү десек да жарашат…

Бирок бул жерде коомдук пикир деген нерсе бар. Буга чейин азыркы ажо Сооронбай Жээнбеков тарабынан шайлоо алдында дебатта Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү эң биринчи коррупционер катары сүрөттөлгөн. Жээнбеков өз сөзүндө: “Коррупция менен мына мен күрөшөм. Сага жыйырма беш суроом бар. Сени балапан кезиңден жакшы билем. Коррупциялык күрөштү биринчи сенден баштайм” – деп жар салган.

Эгерде дал ушул суроолорду берүүгө бийлик эң ыңгайлуу учурду колдон чыгарып бул маселелер көтөрүлбөй калса, анда азыркы президенттин саясий “кызыл кулактыкка” барып жатканы ачыкка чыгып, Бабанов – Жээнбеков тандемине коомчулуктун нааразычылыгы күчөйт. Учурда, Бабановдун тарапташтары кырдаалдан пайдаланышып аны Өкмөт башына алып келүүгө аракет көрүшүүдө. Бирок ошол эле учурда, Атамбаевди камоого байланыштуу нааразычылыктар басаңдаган соң, бийлик Бабановду дагы камап, абакка отургузуу планы ишке киргизиши мүмкүн экени да айтылып жатат.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: