Азыркы кезде Атамбаевдин айланасында жүргөндөрдүн дээрлик бардыгы суракка чакыртылып, айрымдары камакка алынды. Коомчулук бул жагдайды саясий куугунтук, кысым катары сыпатташууда. Ошол эле учурда, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Элдик штабдын негизги көрүнүктүү мүчөсү делген Адил Турдукуловдун кылы кыйшайбай, ар кайсы жерде эс алып көңүл ачып жүргөнүнө түшүнө албай баштары каткандар жок эмес. Анткени УКМК, ИИМ Адилди эстеп да коюшкан жок. Мындан улам Турдукуловду буга дейре бийликтин “агенти” деп айтып келишкен сөздөрдүн чындыгы бар окшойт деген шектенүү күч алды.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ