Menu

Видео – ИИМ: Фархад Баабиев 7-8-августтагы башаламандыкка катышкандыгы үчүн камакка алынды

Бөлүшүү:

Ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылындагы массалык башаламандык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2019-жылдын 7-8-августундагы массалык башаламандыкка Фархад Баабиевдин катыштыгы бардыгы аныкталды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

16-август күнү Баабиев Ф.Ж. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 2-бөлүмүндө (массалык башаламандыкка катышуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалып, ага карата Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун чечими менен 9-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: