Бүгүн, 19-августта саат 15:00 чамасында Бишкектин “Дордой” базарына жанаша жайгашкан Келечек конушунда Lexus RX 300 үлгүсүндөгү автоунаада келаткан бир кытай жана эки кыргыз жаранына BMW унаасы келип кагылышкан. Андан чыккан беткапчан 3 каракчы кытай жаранына кол салып, $300 000 акчасын карактап кетишкен. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги да тастыктады.
Каракчылар Honda үлгүсүндөгү автоунаага олтуруп, изин жашырып кетишкен. Азыр Бишкектин Свердлов райондук милициясы бул кылмышты иликтөөгө киришти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ