Menu

Фото – Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова JDS программасынын стипендиаттары менен жолукту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Кадрларды даярдоо үчүн стипендия сунуш кылуу» (JDS) долбоору боюнча Япониянын жогорку окуу жайларына магистрдык программа боюнча сынак аркылуу окууга өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен жолукту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине Япониянын алдыңкы жогорку окуу жайларынан магистрдык программадан өтүүгө мүмкүнчүлүк түзгөндүгү үчүн Япония Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. Ал долбоор 2007-жылдан бери жүзөгө ашырылып келе жатканын жана бүгүнкү күндө JDSнын стипендиаттарынын 13чү тобу түзүлгөнүн эске салды.

«Биз Кыргыз Республикасынын адистерин даярдоо багытындагы Япония Өкмөтүнүн көмөгүн баалайбыз. Бул өз кезегинде эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын  өнүгүшүн шарттайт. Муну менен катар JDS долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга салым кошкону үчүн Кыргыз Республикасындагы жапониялык эл аралык кызматташтык боюнча агенттигине жана Кыргыз Республикасындагы Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча борборуна ыраазычылык билдирем», – деди вице-премьер-министр.

Ал мамлекеттик жана муниципалдык жаш кызматкерлер өз билимин, кесипкөйлүгүн жана Япониянын жогорку окуу жайларынан  окууга татыктуу экенин далилдөө үчүн оор тандоо сынагынан өтүшкөнүн белгиледи.

«Силерге  дүйнөдөгү мыкты университеттерден билимиңерди  тереңдетүүгө, япон маданияты менен таанышып,  тажрыйба алып келүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Кыргызстанга кайра келгенде, алган билимиңер менен мамлекеттик органдардын, дегеле мамлекетик башкаруу тутумунун ишмердүүлүгүн жакшыртууга алган билимиңер менен салым кошосуңар деген ойдобуз», – деп кошумчалады.

«Биздин өлкө мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо жолунда бара жатат. Бул багыттагы коюлган максатка жетүү үчүн жаңы форматта иштеген,  артыкчылыктуу багыттарда кесипкөйлүк менен иш алып барган, азыркы замандын таасирлерине жооп кайтара алган адистердин жогорку квалификациялуу  аппаратын түзүү маселеси курч болуп турат», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Анын айтымында, Япония жогорку деңгээлде өнүккөн жана прогрессивдүү өлкө. Барынан да адам ресурстарын туура колдонуу менен бардык тармак боюнча ийгиликке жетишкен өлкө. Япониянын тажрыйбасын өздөштүрүү жана аны колдонуу биздин өлкөнүн өнүшүнө роль ойнойт.

«JDS долбоорунун реформаны ийгиликтүү ишке ашыруу жана чет элден тажрыйба алган, терең билим алган жаш кадраларды даярдоо боюнча ишмердүүлүгүн маанисин айтпай кетүүгө болбойт. JDS долбоору стипендиаттын деңгээлин индивидуалдуу түрдө көтөрүүгө гана багытталбастан, мамлекеттик башкаруу органдарынын институционалдык потенциалын көтөрүүгө өзгөчө маани берет. JDS долбоору аркылуу билим алган бүтүрүүчүлөрдүн  мамлекеттик башкаруу системасында алдыңкы позицияларды ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасынын салым кошууга дарамети жетээрин тажрыйба көрсөттү», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Алтынай Өмүрбекова JDS долбоорунун бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик башкаруу тутумунда маанилүү позицияны ээлейт. Бул долбоорду ишке ашыруу эффективдүү болуп жатканын, коюлган максаттар менен милдеттерге жетүүгө болоорун көрсөтүп тураарын белгиледи.

Өз кезегинде стипендиаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Япониядан билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп бергенине ыраазылык билдиришти.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: