Menu

АКШ жаңы ракетасын сынады

Бөлүшүү:

АКШнын Коргоо министрлиги жерден атылган жаңы канаттуу ракетасын сынаганын жарыялады.

Пентагондон белгилешкендей, бул жаңы куралды сыноого Кошмо Штаттар менен Орусиянын ортосундагы Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишим жокко чыгарылгандан кийин мүмкүн болду. Ага чейин бул ракеталардын учуу аралыгы аталган келишимдин шарттарына каршы келчү.

Маалыматка караганда, жекшемби күнү Калифорниядагы Сан-Николас аралында кое берилген ракета 500 чакырым учуп, бутага таамай тийген.

Буга чейин АКШ Советтер Союзу менен 1987-жылы кол коюлган Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишимден улам 500 чакырымдан 5 500 чакырымга чейин уча турган ракеталарды иштеп чыга албай келген. Вашингтон аталган келишимден быйыл 2-августта чыгып, бул чечимин Орусия көптөгөн жылдардан бери эки тараптуу макулдашуунун шарттарын бузуп келгендиги менен түшүндүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: