Menu

Милициялардын шымын тиктирүүдө кимдер “шабашка” кылышкан?

Бөлүшүү:

Эсеп палатасы Ички иштер министрлигинин ичиндеги «былыктын» бирин казып чыкты. Тагыраагы, үстүбүздөгү жылдын июль айында кызматкерлерди кийим менен камсыздоо жаатындагы жемкорлуктун бетин сыйрыды. Көрсө, ИИМдин алдындгы «Динамо» фабрикасынан 1000 даана милициянын шымын тиктирүү үчүн деп ар бирин 2333 сомдон эсептеп, жалпы суммасы 2 млн 333 миң сом акча которгон. Бирок, көз будамайлаган шумпайлар акчаны сол чөнтөккө кымырыш үчүн Ош базарынан 400 сомдон сатып алышкан. Ал этикеткасынан тастыкталып, Москва шаарынын ВСО ОК «Октябрь» фабрикасы деп чыгып отурат. Ортодон 1 млн 933 миң сом пайда көргөн. Буга министр үн катып өз пикирин билдириш керек го? ИИМ бул иштин чоо-жайына жооп берет деген ишенимдебиз.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: