Menu

Тажикстанда улуттук акча которуу системасы ишке кирет

Бөлүшүү:

Тажикстанда 1-сентябрдан тарта каржы базарынын катышуучулары жана операторлор менен иштешүү үчүн улуттук акча которуу системасы ишке кирет. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы билдирди.

Мекеме мындай чечими тууралуу орусиялык жана эл аралык акча которуу системаларына кабар берди. Ага ылайык, 1-сентябрдан тарта Тажикстандын банктары эл аралык акча которуу системалары менен түздөн-түз иштеше албай калышат. Бул үчүн алар алгач Улуттук банкта атайын эсеп ачып, анда каражат болгондо гана улуттук акча которуу системасы аркылуу операцияларды ишке ашыра алышат.

Мекемеден билдиришкендей, жаңы системанын негизги максаты «өлкөнүн банк системасынын туруктуулугун колдоо, операциялык тобокелдиктер менен чыгымдарды азайтуу, операциялардын ачыктыгын камсыздоо жана акча которуулардагы чайкоочулукту токтотуу» болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: